• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Бишкекте уюлдук телефон уурдоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралда саат 21:05тер чамасында "102" кызматына Көлмө жаңы конушунан уюлдук телефон тонолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 23 жаштагы Ч.у.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 18 жаштагы Ч.у.К. аттуу инисин белгисиз жаран коркутуп, айфон 6 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 27 жаштагы Б.у.М. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий