• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте телефон жана 15 миң сом акча уурдоого шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкекте телефон жана 15 миң сом акча уурдоого шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 21-декабрда саат 09:00дөр чамасында “102” кызматына Рыскулов жана Поселок көчөлөрүнөн кесилишинен уюлдук телефон жана акча тонолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Жеринде 39 жаштагы Р.С. аттуу жаран жардам сурап кайрылган. Анда ошол эле күнү белгисиз адамдар арыз ээсинин “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 15 миң сом акчасын тоноп, андан ары качып кетишкени айтылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Б.А. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына жеткиришкен.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий