• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте телефон жана акчаны жашыруун уурдап кеткендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери телефон жана акчаны жашыруун уурдап кеткендерди кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинде болжол менен саат 02:10 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Салиева жана жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда, 1984-жылы туулган А.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда Ошол эле күнү ошол эле даректе жайгашкан кафелердин биринен белгисиз жарандар арыз ээсинин 7 миң сом турган “Редми Нот-7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 3миң 500 сом акчасын жашыруун уурдап кетишкени.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А. у Т. жана 1992-жылы туулган М.А. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий