• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте темир жолчулар футбол боюнча ишкананын жетекчисинин кубогу үчүн күч сынашты

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Бишкек шаарында "Кыргыз темир жолу" УК” мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн командалары кичи футбол боюнча башкы директордун өтмө кубогу үчүн күч сынашты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Спорттук иш-чараны ачып жатып, компаниянын башкы директору Азамат Сакиев катышуучуларды куттуктап, командаларга ийгилик каалап өттү.

«Бул иш-чаранын негизги максаты - жолдоштук рухту чыңдоо, сергек жашоого чакыруу», - деп кошумчалады ишкананын жетекчиси Сакиев.

Жалпысынан 15 команда ат салышып, анын ичинен оюндун жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун - Аскерлештирилген күзөт кызматы(ВОХР);

2-орун - Жол чарба филиалы;

3-орун - Бишкек-1 станциясы.

"Мыкты футболчу" номинациясы Аскерлештирилген күзөт кызматынын кызматкери Аскат Жекшеналиевге, ал эми "Мыкты дарбазачы" наамы компаниянын түштүк бөлүмүнүн кызматкери Нурмухамед Халдаровко ыйгарылды. Кошумчалай кетсек, түштүк бөлүмүнүн курама командасы 4-орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, башкы директордун өтмө кубогу биринчи жолу ойнотулуп жатат, бул иш-чара жыл сайын өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий