• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте тергөө абагына баңги зат алып кирүү фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Бишкекте тергөө абагына баңги зат алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрда Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мекеменин аймагына баңги заттарды алып кирүү боюнча 2 фактыны алдын алышкан.

“Болжол менен саат 10:30 чамасында №1-тергөө изоляторунда кармалган жарандардын тамак-аш азыктарын кабыл алуу блогунда, Чүй облусунун 1986-жылы туулган З.Т. аттуу тургуну 1992-жылы туулган А.Т. аттуу айыпталуучу жаранга азык-түлүк алып келген. Тинтүү учурунда, буюмдардын ичинен болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыктарына оролгон, белгилүү бир кара куурай жыты бар заты табылган”, - деп айытлат маалыматта.

Бул факт “Кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле алдын ала маалымат боюнча, ошол эле күнү мекеменин ыкчам кызматкерлери саат 18:00 чамасында №1 өткөрүү пунктунан өтүп жаткан түнкү нөөмөттүн контролёру, ички кызматтын сержанты Р.Тны тинтүүгө алышкан. Натыйжада 9 миң 500 сом суммасындагы акча каражаты жана болжол менен салмагы 13 граммды түзгөн полиэтилен баштыкка оролгон, кара куурайдын өзгөчө жыты бар заты табылган.

Топтолгон материалдар жана буюм далилдер Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, Жазык-аткаруу тутумунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын аймагына тыюу салынган буюмдардын кирип кетүү жолдорун аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш өз алдынча жигердүү улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий