• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте тергөөчү жабырлануучунун тосмо арызын жасалмалап, ишти мыйзамсыз кыскарткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жазык иштери боюнча кабыл алган процессуалдык чечимдеринин мыйзамдуулугу текшерилип, арыз жана башка процессуалдык документтерди бурмалоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын кафелеринин биринде уюлдук телефон уурдоо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу келгенде А.К. аттуу жаран аталган кафенин кызматтык бөлмөсүнүн ичинде телефону жоголгону тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бирок, 2021-жылдын 30-сентябрында башкача айтканда, 10 күндөн кийин Г.А. аттуу тергөөчү бир дагы тергөө-иликтөө ишин жүргүзбөстөн, атайылап жалган маалымат киргизүү менен телефонду жоголгону тууралуу мурда жазылган арызды "тосмо арыз" катары бурмалап, анын натыйжасында сотко чейинки өндүрүштү мыйзамсыз кыскарткан.

Башкы прокуратура тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий