• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Терроризмге каршы борборунун координациялоосунда жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө жаңы программасын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага КРнын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Иштелип чыкчу программа терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн негиз болот.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстанда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча учурдагы Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча изилдөө жана кароо презентациясы ошондой эле 2023-2027-жылдарга жаңы Программанын структурасынын долбоорунун бет ачары болду.

Мындай эксперттик жолугушуулар үчүн аянтча кесипкөй коомчулуктун башка мүчөлөрү менен тажрыйба, пикир жана билим алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Жумушчу топ жаңы документтин мазмуну боюнча сунуштарды кабыл алып, кароого киргизди.

Пикир

Оставить комментарий