• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Бишкектеги Фрунзе/Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаанын - тез жардам унаасынын, "Мерседес Бенц" жана "Субару Форестер" үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине окуянын күбөлөрү билдиришти.

Анын айтуусунда, учурда унаалар кырсык катталган жерде турушат, милиция кызматкерлери болсо келе элек.

"Жабыркагандар жок, унаалардын алдыңкы фаралары сынып кетти", - деп билдирди күбө.

Пикир

Оставить комментарий