• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, жаш балдар жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Москва менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы менен “Сузуки” үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 4-ноябрда катталган.

"Кырсыктан төрт адам жабыркаган. Алар: тез жардам кызматынын 27 жаштагы айдоочусу, жеңил унаанын 31 жаштагы айдоочусу, бир жана төрт жаштагы эки жаш бала. Эки айдоочу Улуттук госпиталга, ал эми жаш балдар шаардагы №3 балдар ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий