• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы старт алды

Экономика 0

Бишкек, 07.11.18. /Кабар/. Бишкекте 7нен 16-ноябрга чейин Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт.

Бул текстиль-тигүүчүлүк өнөр жайы тармагынын өнүгүүсүнө арналган Кыргызстандагы биринчи масштабдуу иш-чара болуп саналат, деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.

Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 жумалыгынын алкагында Кожомкул атындагы спорт ордосунда 7нен 11-ноябрга чейин жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн тигүүчүлүк өндүрүштөрүнүн жарманкеси өтөт. Кыргызстандын компаниялары өздөрү чыгарган кийимдерди, бут кийимдерди, аксессуарларды жана кездемелерди тартуулашат.

13нөн 16-ноябрга чейин “Жаннат” мейманканасында мода жумалыгы өтөт. Анын алкагында “The Next Fashion” аталышындагы жаш дизайнерлердин сынагы өтөт, андан сырткары “Fashion Brand” өндүрүш компанияларынын сынагы өткөрүлөт. Ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын дизайнерлеринин “Алтын тоос” сынагы өтөт.

13нөн 14-ноябрга чейин “Жаннат” мейманканасында текстиль-тигүүчүлүк тармагынын өнүгүшүнө арналган тегерек үстөлдөр өткөрүлөт.

Тегерек үстөлдөрдүн жүрүшүндө чыгарылган жыйынтыктар жана сунуштар премьер-министрдин катышуусунда өтө турган “КРнын текстиль-тигүүчүлүк өндүрүшүнүн имиджин жана улуттук маанисин жогорулатуу үчүн жакшы шарттарды түзүү” аталышындагы жогорку деңгээлдеги форумда 16-ноябрда тартууланат.

Иш-чараны КРнын өкмөтү, “Легпром” КРнын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы, фешн дизайнерлердин ассоциациясы, “Дайры” коомдук фонду, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана бир катар уюмдар уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий