• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте тигүү өндүрүшүнүн жумалыгынын алкагында жогорку деңгээлдеги форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Бишкекте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен тигүү өндүрүшүнүн жумалыгынын алкагында "Улуттук маанини жана КРнын текстиль-тигүү өнөр жайынын имиджин жогорулатуу үчүн жакшы шарттарды түзүү" аталышындагы жогорку деңгээлдеги форум өтүүдө.

Форумда эмгекке татыктуу шарттарды камсыз кылуу, кадрлардын агымын кыскартуу, аталган сектор үчүн адистерди даярдоо системасынын натыйжалуулугу темалары талкууланат.

Форумга өкмөттүн өкүлдөрү, текстиль-тигүү тармагынын, сооданы жана инвестицияларды колдоо институттарынын өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана эксперттер катышууда.

Текстиль-тигүү өндүрүшү КРнын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат. Ал массалык жумуш орундарын түзгөндүгү үчүн республика үчүн социалдык мааниси бар.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, текстиль-тигүү тармагындагы иштегендердин орточо саны 45 миң адамды түзөт. Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына караганда, тармактын 90 пайыз жумушчулары - аялдар.

Пикир

Оставить комментарий