• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өткөн "Бахус" рейдинин жүрүшүндө эки күндө 54 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкекте өткөн "Бахус" рейдинин жүрүшүндө эки күндө 54 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып, көптөгөн жарандар жаракаттарды алууда. Көпчүлүк учурда жол кырсыктары айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгынан улам болууда.

Ушуга байланыштуу кайгуул кызматкерлери “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүп, 10-11-декабрь күндөрү 1 миң 766 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 54;

- автоунааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 8;

- жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар - 23;

- керектүү документтери жок автоунаа башкаруу - 32;

- башка жол эрежесин бузуулар - 1 649. Ал эми ар кандай эреже бузган 89 автоунаа убактылуу айып короо жайына киргизилген.

"Ошондой эле рейд учурунда “102” кызматы аркылуу кайгуул кызматкерлери тарабынан 396 чакыруу тейленип, 138 жаран жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди", - деп кошумчалады Милициянын кайгуул кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий