• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте өткөн ЕККУ ПАнын сессиясына 47 өлкөдөн 300 адам катышты – Георг Церетели

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бишкекте өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясына 47 өлкөдөн 300 катышуучу катышты. Бул тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйынында ЕККУ ПАнын президенти Георг Церетелли билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү иш-чарада сууну колдонуу, коопсуздук маселелери талкууланды.

“Аталган иш-чарага Кыргызстандын президенти, парламенттин төрагасы жана тышкы иштер министри катышты. Бул даярдык деңгээлин жана өлкө бийлигинин бул иш-чарага болгон мамилесин көрсөтөт. ЕККУ өнүгүү үчүн өз ара кызматташтыктын маанилүүлүгүн албетте түшүнөт. Биз Кыргызстанды жарандык сектордун активдүүлүгү жана демократиянын активдүү өнүгүүсү үчүн аябай баалайбыз”, - деди ал.

Церетели кээ бир негативдүү аспектилер Кыргызстан тарабынан жоюларына үмүт артты.

Андан тышкары ЕККУнун президенти отурумдардын алкагында суу ресурстарын жана чек араларды активдүү талкуулоо мисалдары бар экендигин билдирди.

“Биз экономикалык өнүгүү терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн негизин ишке ашырарын түшүнөбүз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий