• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте өткөн эл аралык Куран жарышынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 30.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 11 мамлекеттен келген карылар арасында «Куран жазы» эл аралык Куран жарышын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринен келген калыстар Салех Ахмед Салех, Абдуссалам Мукбил Ал-мажиди, Халид Дервишоглу жана Кыргызстандан Анарбай кары Курбанбеков, Асылбек кары Таштемиров катышты.

Сыйлык тапшыруу салтанатында азирети муфтий Замир кары Ракиев Куран жырышын өткөрүүгө көмөктөшкөн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

"Куранды урматтагандарды Кудай урматтайт. Жыл сайын Кыргызстанда Куранга кызмат кылгандар көбөйүп, кары болгондордун так санын билбей калдык. Бир убактарда карыларга муктаж болгон учурлар болгон. Алла Таалага шүгүрлөр болсун азыр карыларыбыздан уучубуз кур эмес. Эл аралык сынактарда жаңишке жетип, динибизге, элибизге кызмат кылып келе жатат. Муну менен катар ушул иш-чарага көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирем”, - деди Замир кары Ракиев.

Жарыш саат 10:30 башталып, кечки саат 16:00гө чейин уланган КМШ өлкөлөрүнүн карылары арасында өткөрүлгөн Куран жарышынын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими төмөнкүдөй болду.

1-орун

— Ибрагим Маллабаев (Кыргызстан) 5000 (беш миң) АКШ доллары

2-орун

— Осман Зулпухаргаддиев (Дагестан) 4500 (төрт миң беш жүз) АКШ доллары

3-орун

—Хабибуллох Олимжанов (Өзбекстан) 2000 (эки миң) АКШ доллары

-Иманали Мырзагелди (Казакстан) 2000 (эки миң) АКШ доллары

Мындан тышкары ар бир катышуучуга дипломдор тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий