• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте өткөн күзгү социалдык жарманкелерге 2 миңдей адам катышты

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Бишкекте өткөн күзгү социалдык жарманкелерге 2 миңдей адам катышты. Бул тууралуу Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте өткөн дем алыш күндөрү күзгү социалдык жарманкелер өтүп, ага 2 миңден ашуун адам катышкан.

Свердлов районунун муниципалдык администрациясы баалардын, сатуу көлөмүнүн, сатуучунун бардык продукцияга кызыгууларынын көрсөткүчтөрүнүн мониторингин жүргүзгөн.

“Айтматов-Мамбетов көчөлөрүндө күзгү жарманке биринчи ирет өткөрүлдү. Иш-чара аябай ийгиликтүү өтүп, ага Свердлов районунан жана Чүй облусунан 52 ишкер катышты”, - деп билдиришти администрациядан.

Сатуу лидерлери эт, сүт, бал, нан, колбаса азыктары, жер-жемиштер болду.

Жашоочулардын суранычы боюнча жана шаар тургундарын жеткиликтүү баадагы сапаттуу азыктар менен камсыздоо максатында “Аламүдүн-1” кичирайонунда Ауэзов көчөсүндө жана Орозбеков Көчөсүндө ар бир дем алыш күндөрү айыл-чарба жарманкелери өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий