• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумунан фоторепортаж («Шератон» мейманканасы)

Президент 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Форумда президент сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамилеси түзүлүп, натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери динамикалуу темпте өнүгүп жатканын белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков тараптардын өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 400 млн доллардан 1 млрд долларга жеткирүү ниети бар экенин айткан.

Дүйнөлүк аты бар «Шератон» мейманканасынын Кыргызстанда ачылып жатышына токтолгон Сооронбай Жээнбеков, бул өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп белгиледи.

Жыл сайын уюштурулган кыргыз-түрк бизнес-форуму, 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий