• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте өткөн «Өлбөс полк» жүрүшү – фоторепортаж

Коом 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты.

Мамлекет башчысы «Өлбөс полк» жүрүшүнө өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин алып чыкты. Эске салсак, ал былтыр да «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышкан.

«Бүгүнкү 9-май — Улуу Жеңиш күнү ар бирибиз үчүн ыйык күн. Биздин келечек үчүн өмүрүн арнаган аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын элесине таазим этебиз. Бүгүнкү биздин жүрүшүбүз — алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналат. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, кийинки муундардын да жүрөгүндө сакталат. Дүйнөдө тынчтык, элибизде ынтымак, аманчылык болсун!», — деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий