• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өткөн жарым марафондо 21 өлкөнүн жөө күлүктөрү жарышка түштү

Спорт 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте III эл аралык жарым марафон болуп өтүп, ага 21 өлкөдөн 2 миңден ашык жөө күлүк катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жөө күлүктөр 21, 10 жана 3 чакырымга жарышка түшкөн. Жарыштын байге фонду 504 миң сомду түзгөн.

Кыргызстандык спортчулар, алты медаль утуп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло алышкан.

21 чакырым 97 метр аралыктагы жарышта жөө күлүк Дарья Маслова биринчи келип, 100 миң сом алган. Мария Коробицкая экинчи болуп, ага 70 миң сом байге берилген. Үчүнчү орунду алган Гүлшанай Сатарова 50 миң сом сыйлык алган.

10 чакырым аралыкка чуркоодо Бердигул Айтпай уулу күмүш байгелүү болгон. Кыз-келиндер арасында ушул эле жарышта Айнуска Калил кызы экинчи келген. Аларга 10 миң сомдон байге берилген. Ал эми жөө күлүк Юлия Фернас үчүнчү болуп, 7 миң сом алган.

Пикир

Оставить комментарий