• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте өткөн жума ичинде 5 миң 603 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жалпы 5 миң 603 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча 5 миң 603 фактынын ичинен 69 айдоочу мас абалында унаа башкарган, 19 айдоочу алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып айдаган, 112 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган жана 5 миң 393ү башка мыйзамдарды бузган.

“Айып аянтчасына 676 унаа киргизилген, анын ичинен 255и эвакуацияланган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий