• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте өткөн жылы жол кырсыгынан 64 адам каза тапкан

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 2021-жыл ичинде 2 миң 663 жол кырсыгы катталып, 3 миң 396 жаран жабыркаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынан 64 жаран көз жумган.

“2021-жылы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы боюнча 1 миң 346 жол кырсыгы катталган. Келип чыккан жол кырсыктарынын себептери айдоочулардын гана жол эрежелерин сактабагандыгы эмес, жөө жүргүнчүлөрдүн да кайсы бир деңгээлде тиешеси бар болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Катталган жол кырсыгынын ичинен:
- Жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү боюнча 1346 факты;
- Автоунаалардын сүзүшү 987 факты;
- Унаа жүргүнчүсүн кулатуу 146;
- Тосмолорду сүзүү 116 факты.

Пикир

Оставить комментарий