• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте тогуз-коргоол боюнча БАнын кубогу старт алды

Спорт 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Бишкекте 6-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын VII кубогу старт алды.

Кубокто Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түштүк Кореядан келген 150гө жакын спортчу катышууда. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.

Мелдеш 12-майга чейин уланат.

Аталган турнир КР улуттук курамасынын мүчөлөрү үчүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо болуп саналат.

Борбор Азиянын кубогун өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциядан 272 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий