• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте тогуз коргоол боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Бишкекте 26-майда тогуз коргоол боюнча балдар жана кыздар арасында “Улуттун баалуулугу” эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу Bishkek Park соода-оюн зоок борборунун басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкек парктын” жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын колдоосу менен КРнын тогуз торгоол федерациясы иш-чаранын уюштуруучулары катары чыгат.

Оюндар Энелер күнүнө арналат. Анда 8ден 14 жашка чейинки балдар катышат.

Мындан тышкары, III ДКОнун спорттук улуттук оюндар түрү боюнча фестиваль уюштурулат. Анын алкагында армрестлинг, мас-рестлинг, ордо, союл тартыш, тогуз коргоол жана мангал боюнча оюндар жана масстер-класстар өткөрүлөт.

Бардык каалоочулар бүркүтчүлөр жана жаачылар менен эстеликке сүрөткө түшө алышат.

Максаты – улуттук оюндарды таанытуу жана жайылтуу.

Иш-чара Бишкек парк соода борборунда саат 11:00дө башталат.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий