• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте тогуз коргоол боюнча КР Кубогу башталды

Спорт 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук китепканасында тогуз коргоол боюнча КР Кубогу башталды. Бул тууралуу КР жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземине жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигине караштуу Улуттук спорт боюнча дирекциясынын директору Токсонбай Асанов, КР Тогуз коргоол федерациясынын президенти, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

“Баарыңыздарды өтүп кеткен Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. Байыртан эле ата-бабаларыбыз тогуз коргооол ойношкон. Бул оюн адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн жана эстүүлүгүн жакшыртат. Өлкөбүздө тогуз коргоол өнүгүп жатат. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм” , - деди Т.Асанов.

Мелдешке республиканын облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 189 спортчу катышса, алардын 104ү эркек жана 85и аял оюнчулар.

Кубоктун максаты өлкөбүздө тогуз коргоолду жайылтуу, КР курама командасын жана Дүйнө чемпионатына катышуучуларды тандоо болуп саналат.

Мелдештердин программасында стандарт, рапид жана блиц дисциплиналары кирген.

Уюштуруучулары - жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигине караштуу Улуттук спорт боюнча дирекциясы жана КР Тогуз коргоол федерациясы.

Эскерте кетсек, мелдештер бүгүн 14:00гө чейин уланып, 2017-жылдын 1-апрелине чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий