• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "Тойота Камри" унаасын уурдоого аракет кылган 56 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Бишкекте "Тойота Камри" унаасын уурдоого аракет кылган 56 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 28-октябрда болжол менен саат 04:20да Бишкек милициясынын “102” кызматына Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинен автоунаа уурдоого аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Анда ошол даректин тургуну "Тойота Камри" үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жаран ичин ачып, уурдоого аракет кылган.

Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 56 жаштагы М.В. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 90-беренесинин ("Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды

Пикир

Оставить комментарий