• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте токтоп турган унааларды сүзүп, окуя болгон жерден качкан айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Бишкектеги көчөлөрдүн биринде токтоп турган унааларды сүзүп, окуя болгон жерден унаасын айдай качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-январда болжол менен саат 01:00дө айдоочу белгисиз автоунаа менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинен токтоп турган "Хонда Фит" жана "БМВ-525" үлгүсүндөгү унааларды сүзүп, андан ары окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Nissan X-Trail унаанын 52 жаштагы Ш.Г. аттуу айдоочусун кармашкан.

Шектүүнү тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий