• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте тоноочулукка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарында тоноочулукка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 12-октябрда болжол менен саат 23:50дө "102" кызматына билдирүү келип түшкөн.

Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери маалыматты тактаганда 37 жаштагы И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 00:05те арыз ээсин коркутуп, 5 миң сом өлчөмдө акчасын алып кетишкен.

Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракетин уюштуруп, тоноого шектүү катары 26 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалган. Шектүү жаран Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий