• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте тоноого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бишкекте тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-февралында болжол менен саат 06:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Жибек Жолу жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен тоноо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматкерлери айтылган дарекке ошол замат келип, маалыматты тактаганда 25 жаштагы С.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен 28-30 жаштагы азият түспөлүндөгү белгисиз эки жаран арыз ээсин эч себепсиз сабап, ага карата күч колдонуп, “Редми” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 15 миң сом өлчөмүндөгү акчасын, ошондой эле унаасынын техникалык күбөлүгүн ачык түрдө тартып алышкан.

Милициянын кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.А. жан анын шеригин кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришип беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алынып, КР Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий