• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте тоноого жана опузалап талап кылууга шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Бишкекте тоноого жана опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” жана “Опузалап талап кылуу” беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

"Ушул жылы 22-октябрда Сузак районунун аймагында жергиликтүү тургунду бейтаныш адамдар жолугушууга чакырып, ээн жерде алып барып сабашып, акчасын тартып алышкан. Андан кийин коркутуу жолу менен дагы 7 миң доллар талап кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталып, ыкчам иш-чараларды ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жогорудагы кылмыш ишине карыздарды күч менен өндүрүп берүү жана опузалап талап кылуу менен алектенишкен мурда соттолгондордун, спортчулардын тиешеси бардыгы аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул кылмыш ишине тиешеси бар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну мрда соттолгон 1998-жылы туулган С.уулу Ш. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.

Азыркы учурда тоноо жана опузалап талап кылуу фактысы боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий