• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте тоо боюнда велосипед тебүү боюнча ачык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бишкектеги Карагач токоюнда 13-октябрь күнү саат 10:00дө "КАРАГАЧ-TRAIL" аталышындагы тоо боюнда велосипед тебүү боюнча ачык мелдеш өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мелдешке жашы 18ден жогору бардык каалоочулар катыша алат. Ошондой эле, жаш курагы 16-18 аралыгындагылар ата-энесинен же ага жооптуу адамдан кагаз түрүндө макулдугу менен катыша алат.

"Велосипеддин дөңгөлөгүнүн диаметри 26, 29 дюйм болушу керек. Катышуучуларда атайын баш кийим, документтер жана паспорту болушу абзел. Кошумча коопсуздук үчүн бутту, колду сактай турган жабдыктарды алып алса болот", - деп айтылат маалыматта.

Мелдешке катталуу ошол күнү болот. Катышуучулар катталуу анкетаны толтуруп, тиешелүү документке кол коюшу керектелет. Ошондой эле, катталып жатканда 500 сом өлчөмүндөгү акча төлөө керек.

Жарыштар 5 категория боюнча өткөрүлөт:

  1. "Мастер-Класс" – катышуучулардын жашы 16дан 50гө чейин. Мелдеш талаасын 5 ирет айланат.
  2. "Элита" – катышуучулардын жашы 16дан 50гө чейинки велосипеддин ар түрдүү мелдештеринде байгелүү орундарга илингендер. Мелдеш талаасын 7 ирет айланат.
  3. "Ардагерлер" – катышуучулардын жаш курагы 50дөн жогорулар. Мелдеш талаасын 4 ирет айланат.
  4. "Электрбайк" – электр энергиясы менен жүргөн ар кандай велосипеддер. Мелдеш талаасын 7 ирет айланат.
  5. "Кыздар" – үчтөн жогору кыз катышаары күтүлүүдө. Мелдеш талаасын 5 ирет айланат

Мелдештин талаасы айланма түрүндө жасалган, узундугу 2 километрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий