• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Транспорт министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бишкекте 24-25-март күндөрү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинар өтүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, семинардын ишине жалпы 50гө жакын кызматкер катышууда.

Окутуунун алдында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев мекемеге караштуу ведомстволук түзүмдөрдүн кызматкерлери менен жолугуп, сапаттуу жолдорду салуу үчүн кызматкерлерди окутуу зарылчылыгына токтолуп, семинарларды, тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүү - бул тармакта жакшы жылыштарга алып келерин белгиледи.

Эки күнгө созула турган семинар министрликтин имаратында жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин кызматкерлер чет өлкөлөргө барып квалификациясын жогорулатып келсе, азыркы тапта семинар, окутуулар Кыргызстанда уюштурулуп, аны жол тармагында тажрыйбасы мол кызматкерлер өткөрүп келет. Мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз уланып, аймактарда иш алып барган кызматкерлер кезеги менен окутулат.

Пикир

Оставить комментарий