• 80.18
  • 78.67
  • 1.34

Бишкекте троллейбус каттамдары кадимки режимде иштеп жатат

257 кароо Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бишкекте троллейбус каттамдары кадимки режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, троллейбус линиясындагы үзүлүүнүн көлөмү чоң болгондуктан оңдоо иштери 5 саат 10 мүнөткө созулду.

Жабыркагандар катталган жок.

Эске салсак, бүгүн, 9-июнда саат 13:50дө Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус линиясы үзүлүп, троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий