• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте троллейбус коюп кеткен аял каза болду

Коом 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Бишкекте №8 троллейбустун айдоочусу бир аялды коюп кетип, ал тез жардам кызматы келгиче алган жаракаттан улам каза болгон. Бул тууралуу КР ИИМ ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде болжол менен саат 12:40 чамасында №8 троллейбустун айдоочусу Москва көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Тоголок-Молдо көчөсү менен кесилишкен жерден жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Ч.Ж., алган жаракаттан улам жеринде каза болгон.

31 жаштагы троллейбустун айдоочусу билдиргендей, эки аял кокусунан эле жолго чыга калышкан. Ыкчам токтогондугуна карабай, ал жөө жүргүнчүлөрдүн бирөөнү коюп кеткен.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий