• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте троллейбус линиялары алмаштырылды

Коом 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде эскирген троллейбус линияларын алмаштырууну аяктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, линиялар төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлдү:

- Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Сүйөркулов көчөсүнө чейин;
- Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Чүй проспектисине чейин;
- Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Москва жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен Манас проспектисине чейин;
- Киев көчөсүнөн Логвиненко жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине чейин.

Троллейбус линияларын алмаштыруу иштеринде ишкананын энерго чарба бөлүмүнүн 12 кызматкери иштеди.

Пикир

Оставить комментарий