• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Троллейбуста окуу” акциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкекте Маданият жумалыгынын алкагында шаардык жүргүнчүлөр “Троллейбуста окуу” акциясына катышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, акция шаардыктардын көңүлүн адабиятка буруу максатында Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан борборлоштурулган китепкана тармагы менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чара жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө, белгилүү акын А.Осмоновдун дүйнөдөн кайткан жылдыгына жана Улуттук маданият күнүнө арналды.

“Троллейбуста окуу” эң узун №11 каттам менен чыгып, чыгыш автобекетинен Асанбай кичи районуна чейин каттады.

Борбордун китепканаларынын кызматкерлери троллейбустун жүргүнчүлөрүнө белгилүү жазуучулардын чыгармачылык биографияларын жана алардын чыгармаларынын тарыхын тартуулашты.

Шаардыктар Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармачылыгына байланыштуу викториналарга жана сынактарга катышты. Активдүү катышуучулар сыйлыктарга ээ болушту.

Көптөгөн жүргүнчүлөр уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, китепке болгон сүйүүсүн жандандыруу керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий