• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте троллейбустан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.17./Нурсулуу Нуркамилова- Кабар/. Кечээ, 17-октябрда Бишкекте троллейбустан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, Юнусалиев көчөсүндө троллейбус күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат өрт өчүрүү кызматына түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө саат 09:36да КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Саат 09:49да өрт чектөөгө алынып, саат 10:05де өрт толугу менен өчүрүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.

Учурда кырсыктын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий