• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте троллейбустар суукка байланыштуу саат 22:00гө чейин шаар тургундарын ташыйт

Коом 0

Бишкек, 14.11.18 /Кабар/. Бишкекте троллейбустар суук аба ырайына байланыштуу саат 22:00гө чейин жүрөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул чара аба ырайынын кескин төмөндөшүнөн улам калаа тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн көрүлүп жатат.

Акыркы маалымат боюнча шаарда 90 автобус, 121 троллейбус жана 1 миң 806 кичи автобус каттайт.

Коомдук транспорттун ишине байланыштуу бардык суроолор боюнча байланыш телефондору:

- 0555330031 – троллейбустардын иши боюнча (WhatsApp);

- 0312 53 36 48 –кичи автобустардын иши боюнча;

- 0312 53 48 24, 53 18 17 – автобустардын иши боюнча.

Пикир

Оставить комментарий