• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте троллейбустардын иши толугу менен калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бишкекте троллейбустардын иши толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен 10-кичирайондо троллейбустардын тыгыны жаралгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

“Шаардык троллейбус башкармалыгынын командасы ыкчам түрдө жерине барып, бузулган жерлерди калыбына келтирип, коомдук транспорттун кыймылы калыбына келтирилди”, – деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 07:44тө Байтик Баатыр жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде зымдар үзүлүп, буга байланыштуу жеринде тыгын пайда болгон.

Пикир

Оставить комментарий