• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте троллейбустардын санитардык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар транспорттун санитардык абалы, жүргүнчүлөрдүн беткап тагынуу режимин сактоосун карашты. Иш учурунда айдоочулардын жүрүм-туруму да текшерилди. Кээ бир троллейбус айдоочулары унаа айдап баратканда телефон чалган үчүн эскертүү алышты.

Рейддин жүрүшүндө жалпысынан линияда иштеген 133 троллейбус текшерилди. Айдоо эрежелерин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий