• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте троллейбустун айдоочусу жол кире төлөбөгөн баланы сабады

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.18. /Бишкек/. Бишкекте айдоочу өспүрүмдү жол киресин төлөбөгөндүгү үчүн сабап салды. Мындай маалыматты “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин Фейсбук социалдык тармагында №8 троллейбустун айдоочусу баланы сабап салгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Колдонуучунун билдиргенине караганда бала троллейбуска Калык Акиев көчөсүнөн отуруп, жанына акча албай калганын байкаганда троллейбус ордунан жылып кеткен.

“Бала айдоочуга акчасы жок экенин айтып кечирим сурап, кийинки аялдамадан түшүрүп коюсун суранды. Ал аялдамадан түшөрү менен анын артынан айдоочу түшүп, сабай баштады. Бала жардам сурап кыйкырса дагы жанында турган адамдар жардам беришкен жок. Айдоочу кайра ордуна отуруп, троллейбусту айдап кетти. Айдоочуну табышты. Бирок ал кесиптештери менен келип, милицияга жалган көрсөтмө беришти. Милиция аны коё берди”, - деп жазган колдонуучу.

“Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 31-июлда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өспүрүмдүн апасынан арыз түшкөн.

“Аталган факт боюнча текшерүү башталды. Айдоочунун ким экендиги аныкталып, андан сурак алынды. Окуянын чоо-жайы такталууда”, - деп билдиришти милициядан.

Пикир

Оставить комментарий