• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте тубаса ден соолук аномалияларына каршы флешмоб өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Бишкекте Балдардын өсүүсүнүн тубаса кемтиктерин алдын алуу бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чара өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы педиатры Бермет Самаганова билдирди.

Анын айтымында, 12-март күнү "Дордой Плаза" соода борборунда флешмоб өтөт. Андан тышкары, 11нен 15-мартка чейин тубаса аномалияларды алдын алууга арналган жумалык өткөрүлөт.

"Иш-чарага дарыгерлер, эксперттер, медициналык факультеттердин стеденттери катышып, балдарынын ден соолугунун кемтиги менен төрөлүүсүн алдын алууга жардам бере турган эрежелер тууралуу айтып беришет", - деп билдирди Самаганова.

Ал билдиргендей, бул көйгөй Кыргызстан үчүн актуалдуу болуп келет.

"Иш-чаранын максаты – бул көйгөйгө жаштардын көңүлүн буруу жана алардын келечектеги балдары үчүн жоопкерчилиги тууралуу айтып берүү. Көп учурда тубаса кемтиктер баланын нерв системасы жана жүрөк-кан тамыр системасында кездешет. Мындай бейтаптарды дарылоо оор, айрым учурларда мүмкүн болбойт. Тубаса дарттар баланын өсүшүнө жана анын акыл-эсине терс таасир тийгизет", - деп кошумчалады Самаганова.

Пикир

Оставить комментарий