• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте турак үй өрттөнүп, эркек киши күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бишкектин Д.Асанов көчөсүндөгү турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 50 чарчы метр чатыры жана эшик терезелери күйдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 53 жаштагы эркек киши денесинен 1-даражадагы күйүк алды. Анын абалы туруктуу.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий