• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте турак үй жана дүкөн толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бишкекте турак үй жана дүкөн толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, саат 15:24 өрт чектөөгө алынып, саат 16:44 толук өчүрүлдү.

Натыйжада жалпы аянты 190 чарчы метр турак үй жана дүкөн толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерде бир газ баллон жарылган, жабыркагандар болгон жок.

Өрт тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий