• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте турак үйдө газ баллон жарылып, үй ээси күйүк алып ооруканага түшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунда турак үйдө газ баллон жарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылган газ баллондун кесепетинен жалпысынан 40 чарчы метр ашкана бөлмөсү күйгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир аял киши (үйдүн ээси) 2-3-даражадагы күйүк алып 4-оорукананын күйүк борборуна жеткирилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий