• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте турак үйдөн акча жана алтын буюмдар катылган сейфти уурдап кеткендер кармалды – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери сейф уурдагандарды кармашты. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-майда шаардык тургуну А.Т. арызы менен кайрылып, ушул эле күнү саат 17:30дар чамасында “Ынтымак” конушундагы үйүнө кирип, 10 миң доллар, алтын зер буумдар, төрт үйдун документтери жана техникалык паспорту жана травматикалык тапанчасы катылган сейфти уурдап кеткендерге карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Ленин райондук милициясына КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен каттоого алынган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, кармалды. Алар 1991-жылы туулган М.Э. жана 1986-жылы туулган К.Н. болушкан. Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тийиштиги бар же жогун аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

“Көңүл буруңуздар! Шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (502) 102-149, 0 (555) ) 102 -149, 0(703) 040-005 жана 102”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий