• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир киши күйүк алды. Абалы оор

Кырсык 0


Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун Буденный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, бөлмөсүндө диван жана төшөнчүлөр күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1989-жылы туулган эркек киши 3-даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Абалы оор деп бааланууда.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий