• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунда турак үйдүн 25 чарчы метр жыгач полу жана үй тиричилик эмеректери күйгөн. Күйгөн үйдүн ичинен 40-45 жаштагы (аты жөнү такталууда) үй ээсинин сөөгү табылган.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий