• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдарга арналган форум өтөт

Коом 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Бишкекте 29-апрелде турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдоруна арналган форум өтөт.

Форум депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен уюштурулуп жатат.

Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жогору окуу жайларын, атайын мектеп интернаттарын жана кесиптик лицейлерди бүтүргөн жетим балдардын ортосундагы байланышты арттырууга багытталган.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен мектеп-интернаттардан келген жетим жана кароосуз калган балдар катышат.

Ошондой эле форумдун алкагында бош жумуш орундары сунушталып, ишке орноштуруу боюнча кеп-кеңеш, долбоорлор талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий