• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн Улуттук ыктыярдуу серебин даярдоо боюнча бир күндүк окутуучу семинар өттү. Улуттук сереп 2020-жылдын июлунда туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумда сунушталат.

Иш-чаранын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты экономи жана инвестициялар бөлүмү (Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМ ыңгайлаштыруу, ишке ашыруу жана мониторинги боюнча катчылыгы) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы БУУ агенттиктер тутуму менен биргеликте уюштурду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун жумушчу топтору катышты.

Семинардын жүрүшүндө Улуттук ыктыярдуу серептин түзүмү, мазмуну, ага карата негизги талаптар, аны даярдоо жана кеңири коомдук талкуулоо процесстери талкууланды.

Беш жумушчу топтун биринчи биргелешкен уюштуруу жыйыны 2019-жылдын 3-майында өткөн.

Маалымдама. 2015-жылдын сентябрында БУУ Башкы Ассамблеясынын 70-сессиясында Кыргыз Республикасы, аны менен бирге БУУ мүчө-мамлекеттери «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» Резолюциясын жактырышкан. Аны улуттук деңгээлде аткаруу үчүн бардык ресурстарды жана потенциалды колдонуу ниети ырасталган.

Жөнөтүлгөн өтүнмөнүн негизинде Кыргыз Республикасы 2020-жылы Экономикалык жана Социалдык Кеңештин (ЭКОСОК) колдоосунда өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумда ТӨМ боюнча 2030-жылга чейинки Улуттук ыктыярдуу серебин сунуш кылуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий