• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте туруктуу органикалык айыл чарба өндүрүшүн түзүүгө арналган форум өттү

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкекте "Туруктуу органикалык айыл чарба өндүрүшүн түзүү: көйгөйлөр жана перспективалар"аттуу форум 25-майда болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны Айыл чарба министрлиги, КР министрлер кабинетине караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, БУУ ФАО, БУУӨП, "Жашыл Альянс" АК менен биргеликте уюштурушту.

Форумдун максаты органикалык айыл чарба азыктары тармагына катышкан бардык тараптардын – бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн кеңири пикир алмашуусу, ОАЧ өнүктүрүүдөгү прогрессти тактоо, тармактын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоо болуп саналат.

Форум 2023- жылы планетада белгилене турган органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлүп жатат.

Мындан тышкары, форумда органикалык продукцияны өндүрүүчү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылып, иштелип чыккан же иштеп чыгуу процессинде турган мыйзам актыларынын долбоорлору каралды. Форумдун жыйынтыгында КР министрлер кабинетинин концептуалдык документтерине сунуш киргизүү боюнча срезолюция кабыл алынды.

Министр Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министрлигиндеги өнүгүүнүн 6 негизги артыкчылыгын белгилеп өттү:

"Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн алты артыкчылыктуу багыттарынын ичинен эң маанилүүсүнүн бири органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, органикалык айыл чарба Кыргызстандын келечеги деп белгилеп өткүм келет. Дүйнөнүн салттуу айыл чарбасы бүгүнкү күндө да туңгуюкка алып баруучу кербен сыяктуу – интенсивдүү өндүрүш үчүн жарышта Кыргызстан акыркы орундарда, бирок өнөр жайдын азайышы экологияны сактап калууга жардам берди. Эми бүткүл дүйнө органикага кайрылганда, бул кербенде акыркы болуп келген Кыргызстан биринчи болот деген ишеничтемин!".

Пикир

Оставить комментарий