• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Туу күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Кечээ, 3-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" борбордук аянтында КР Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанат өттү. Иш-чарага шаар тургундар, мэр Азиз Суракматов, шаар кызматтарынын жана структуралык түзүмдөрдүн жетекчилери менен кызматкерлери катышты.

Куттуктоо сөзүндө калаа башчысы А.Суракматов, мамлекеттик туу эгемендиктин, биримдиктин, Мекенге болгон сүйүүнүн, жаратмандыктын символу болуп, баарыбызга жаңы жетишкендиктер менен жаңы ийгиликтерге дем берип тураарын белгилей кетти.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.

Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий